Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде жабыркаган ишкерлерге салык жеңилдигин берүү пландалууда

Салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн министрлер кабинети токтом долбоорун иштеп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарды жана чарбалык субъектилерди колдоо максатында салык жеңилдигин киргизүү сунушталууда. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн министрлер кабинети токтом долбоорун иштеп чыкты.
үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 1-январына чейин кошумча нарк салыгын токтотуп туруу. Бирок бир катар шарттар бар. Тактап айтканда, бул пункт чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарда иш алып барган ишкерлердин тизмесине кирген чарба жүргүзүүчү субъектилерди (күйүүчү-майлоочу материалдарды, тоо-кен өндүрүшүн сатуучуларды жана резидент эместерди кошпогондо) гана камтыйт;
салык жана камсыздандыруу карыздары боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү;
2024-жылдын 1-январына чейин жеке ишкерлердин бир катар категорияларын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу.
Кийинки жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет