Бишкекте баштыгына илбирстин териси менен башын салып жүргөн киши кармалды

Милиция кармалган адам жаныбарды Талас облусундагы тоолордон атып өлтүргөнүн аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектеги “Кудайберген” базарына жакын жерден шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери баштыкка ал илбирстин териси менен башын салып жүргөн адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган киши 44 жашта.
“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.С. ак илбирсти Талас облусундагы тоодон атып өлтүргөндүгү аныкталды. Буга байланыштуу кылмыш ишинин материалдары Талас облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди", — деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 308-беренесинин (“Жаныбарларды жана жаратылышты жок кылуу”) негизинде кылмыш иши козголду.
Бүркүт, илбирс жана кийик. Ошто фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар