Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия коопсуздук кеңешинин башчысы: Украинадагы куралдар КМШга тарап жатат

Патрушев Украина курал-жарактын ири көмүскө рыногу болуп калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинадагы куралдардын башка региондорго тарап кетүү тобокелчилигине каршы туруу үчүн КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары биргелешкен күч аракетин жумшашы керек. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал жыл сайын өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызмат башчыларынын жыйынында сүйлөгөн. Патрушевдин айтымында, Вашингтондун жана анын союздаштарынын чалган чалмакейинин айынан Украина курал-жарактын ири көмүскө рыногу болуп калды. Криминалдык ортомчулар аркылуу куралдар кайра Европага жөнөтүлүп, ал жактан Жакынкы Чыгышка жана башка региондорго тарап жатат. КМШ өлкөлөрү да четте калган эмес.
Патрушев Батыш Киевге жеткирип жаткан куралдардын экстремисттик жана террордук структуралардын колуна тийүү кооптуулугу кескин жогорулаганын белгиледи. Мындан улам Украинадан курал таратуу каналына бөгөт коюу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү талап кылынарын билдирген.
Путин: Афганистандагы террорчулар чек арадагы өлкөлөргө коркунуч жаратышы мүмкүн