Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчилик: Россияда жүргөн кыргызстандыктар аскердик кызматка чакырылган жок

Билдирүүдө аскердик кызматка чакыруу тууралуу фейк маалымат социалдык тармактарда тарап жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россия ИИМи өлкө аймагында убактылуу жүргөн чет элдик жарандарды аскердик кызматка чакыруу тууралуу буйрук чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Билдирүүдө аскердик кызматка чакыруу тууралуу фейк маалымат социалдык тармактарда тарап жатканы айтылган.
“Россияда жүргөн чет элдик жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды да чагымчылыкка алдырбай, расмий гана маалыматка ишенүүгө чакырабыз”, — деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Элчилик Россиядагы мекендештерди чагымчылыкка алдырбоого чакырды