Айнып калышты. Путин Батыштын үчүнчү жынысты таңуулаганы тууралуу

Ал Россиянын курамына төрт жаңы аймактын кошулушу боюнча келишимге кол коюу аземинде сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Үчүнчү жыныс Россияда такыр кабыл алынбай турган нерсе. Бул тууралуу өлкө лидери Владимир Путин Россия Федерациясынын курамына жаңы төрт аймактын кошулушу боюнча келишимге кол коюу аземинде айтты.
“Таптакыр акылдан адашышкан. Биздин мектептерде башталгыч класстардан тартып балдарды деградацияга, жок болуп кетүүсүнө жетелеген, аял менен эркектен башка кайдагы бир гендердин бар экендигин таңуулаган бузукулукту каалайбызбы? Жынысты алмаштыруу операциясын сунушташканынчы? Биз өзүбүздүн өлкөбүз үчүн, балдарыбыз үчүн ушуларды каалайбызбы? Мунун баары бизде жол берилбей турган нерселер”, — деди Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Советтер Союзун кайрадан курууга умтулбайт