Путин: Батыш тең укуктуу кызматташууну эмес, талап-тоноочулукту каалайт

Россия лидери Батыш өзүнө баш ийбеген, ыгына көнбөгөн мамлекеттерди бүлүндүрүп тынарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Батыш тең укуктуу кызматташууну эмес, талап-тоноочулукту гана каалайт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде өлкөнүн курамына ДЭР, ЛЭР жана Херсон, Запорожье облустарынын кошулушу боюнча келишимге кол коюу аземинин алдында айтты.
Ал белгилегендей, Батыш неоколониалдык системасын сактап калуу үчүн баарына даяр. Бул система доллардын күчү жана технологиялык үстөмдүк менен дүйнөнү мите курттай жегенге, талап-тоногонго шарт түзөт.
"Көз карандысыз мамлекеттерге, салттуу баалуулуктарга, өзгөчөлүү маданияттарга агрессиясы, интеграциялык процесстерди, жаңы дүйнөлүк валюталарды жок кылуу аракеттери ушундан улам күчөп жатат. Аларга бардык өлкөлөрдүн эгемендүүлүгү АКШнын пайдасына иштеши ушунчалык маанилүү", — деди Путин.
РФ лидеринин айтымында, айрым өлкөлөрдүн бийлиги көз каранды болууга макул болсо, башкаларын акча азгырат, коркутат, такыр болбосо мамлекетти бүлүндүрүп салат.
"Батыштын Россияга карата гибриддик согушунун анык себеби – дал ошол ач көздүк жана бийлигин сактап калуу ниети. Алар биздин эркиндигибизди каалабайт, өздөрүнүн бир колониясы катары көргүсү келет", — деп белгиледи Россия президенти.
Айнып калышты. Путин Батыштын үчүнчү жынысты таңуулаганы тууралуу