Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин жарандар мобилизацияга негизсиз чакырылбашы керектигин айтты

РФ лидери жарандарды мобилизациялоодогу катачылыктарды санап берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жарандар мобилизацияга негизсиз чакырылбай турганын жана ар бир мыйзам бузуу өзүнчө каралышы керектигин айтты. Бул тууралуу Кремлдин сайты кабарлады.
Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте жарым-жартылай мобилизация тууралуу талкуулаган.

"Көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлерди мотоаткыч кылып дайындалып калган учурлар бар. Бул эмне? Аскердик тажрыйбасы бар россиялыктар аскерге чакырылат, "бул талап катуу сакталышы керек". Мобилизацияга алынгандар кошумча окуудан өтүшү зарыл", — деген РФ лидери.

Ал мобилизацияга негизсиз чакырылгандар артка кайтарылышы керектигин, прокуратура органдары ар бир мыйзам бузууга тез арада чара көрүшү зарыл экенин кошумчалады.
“Кетирилген бардык катаны оңдоп, эми аларды кылбаш керек. Кийинкиге калтыруу мөөнөтү деген бар. Маселен, көп балалуу аталар же аскерге чакырылган курактан өтүп кеткендер, өнөкөт оорусу бар жарандар бар. Ар бир нерсеге өзүнчө караш керек. Ката кетсе, оңдогула. Негизи жок чакырылгандарды үйүнө кайтаргыла", — деген Россия лидери.
Ошондой эле өз ыктыяры менен келгендерге мобилизация тууралуу так маалыматтар берилиши керектигин белгилеген.
Казакстан менен Россиянын чек арасына мобилизация пункту ачылат