Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жарым-жартылай мобилизация: чакырылгандар атайын операция аймагына келишти

Элдик милициядан аталган республиканын жашоочулары келген күчтөрдү кубаттап тосуп алганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жарым-жартылай мобилизациянын алкагында чакырылгандар Донецк Элдик Республикасына келишкенин ДЭРдин Элдик милициясынан кабарлаган.
Маалымат Telegram-каналга жайгаштырылган. t.me/nm_dnr/9135
"Атайын операция жүрүп жаткан жерге, ДЭРдин аймагына Россия жарыялаган жарым-жартылай мобилизация менен чакырылгандар аскердик кызматын өтөө үчүн келишти. Алар азыр полигондо согуштук даярдыктан өтүп, акыркы айлардагы тажрыйбаларды үйрөнүп жатышат", — деп айтылган маалыматта.
Элдик милициядан аталган республиканын жашоочулары келген күчтөрдү кубаттап тосуп алганын жана Владимир Путинге бул чечими үчүн ыраазылык билдиришкени айтылган.
Россия президенти 21-сентябрда Коргоо министрлигинин, Башкы штабдын сунушу менен жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ал тажрыйбалуу запастагы аскерлер, азыркы кырдаалда атайын операцияга катышууга жөндөмдүү адистер чакырыларын белгилеген. Коргоо министри Сергей Шойгу 300 миңге чейин адамды аскерге жиберүү пландалып жатканын айткан.
Путин аскерге чакырылгандар атайын операцияга катышар алдында кошумча аскердик даярдыктан сөзсүз өтөрүн белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Алар башкы максат Донбассты бошотуу экендигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин жарандар мобилизацияга негизсиз чакырылбашы керектигин айтты