Жакында баары ачыкка чыгат. Министр Бейшеналиевди сотко алып келе жаткан видео

Соттун имаратына алып кирип келе жатканда журналисттер ага суроо бергенге үлгүрүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди сотко алып келишти, бул жерден баш коргоо чарасы каралат.
Соттун имаратына алып кирип келе жатканда журналисттер министрге суроо бергенге үлгүрүштү.
Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын, бирөөлөр атайылап уюштурган-уюштурбагандыгын тергөө көрсөтөрүн айтты.
Ал эми видеодогу кишилер инвестиция боюнча бир долбоордун алкагында акча берип жаткан чет элдиктер экендигин кошумчалады.
"Муну ким уюштурушу мүмкүн деп ойлойсуз?" деген суроого жообун айтты.

"Баары жакында ачыкка чыгат. Тергөөдө жазып бердим. Эч кандай кабатыр болбоңуздар. Баарын далилдеп турам, буюрса", — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, ал учурдун видеосу да жарыяланган. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.
Андан соң Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Кармалган министр Алмазбек Бейшеналиевдин таржымалы