Радио

Мамбетова: эмгек мигранттарына арналган форум кийинки жылы Россияда өтөт

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова "Эмгек рыногу боюнча Евразия диалогу" деп аталган эл аралык форумдун жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Эмгек мигранттары боюнча форум жыл сайын уюштурула турган болду. Ал кийинки жылы Россияда өтөт. Бул тууралуу Жыпара Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган форумду жыл сайын өткөрүү макулдашылды.
"27-28-сентябрда Бишкекте өткөн "Эмгек рыногу боюнча Евразия диалогу" деп аталган эл аралык форумга ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле коңшу Өзбекстандан коноктор чакырылган. Форумдун алкагында ЕАЭБде бирдиктүү эмгек рыногунун ыңгайлуу системасын түзүү талкууланды. Бул багытта Кыргызстан тарабынан атайын концепция иштеп чыгуу, электрондук эмгек биржасын түзүү сунуштары берилди. Мындан тышкары, мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу боюнча көйгөйлөр дагы көтөрүлдү. Анткени ЕАЭБге кирип жаткандагы келишимде мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн медкамсыздоодон өткөрүү боюнча так жазылган. Бирок Россиянын ички мыйзамы боюнча, азыркы тапта мигранттарга гана медкамсыздоо камтылып, үй-бүлө мүчөлөрү каралбай калууда. Бул дагы орчундуу көйгөй. Мына ушундай маселелер көтөрүлүп, эмгек рыногунда ыңгайлуу, бирдиктүү система түзүү үчүн тийиштүү сунуштар айтылып, иш-чара өз максатына жетти деп айтууга болот. Эми аталган форум жыл сайын уюштурулуп, кийинки жылы Россия Федерациясында өтөт", — деди Мамбетова.
Ошондой эле ал ЕАЭБ алкагында жумушту жеңил табууга багытталган "Работа без границ" долбоору иштеп жатканын кошумчалады.