Лавров: АКШ менен Батыш КМШнын ар бир өлкөсүнүн ишине кийлигиши мүмкүн

Россиянын ТИМ башчысы КМШнын коопсуздук жана чалгын кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусунда сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШ башында турган Батыштын кийлигишүүсүнөн көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин бири да сыртта калбашы мүмкүн. Бул туурасында Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров айткандыгын РИА Новости билдирди.
Жума күнү КМШнын коопсуздук жана чалгын кызматтарынын жетекчилеринин Москвада өтүп жаткан жолугушуусунда сүйлөгөн министр эки жыл мурда Беларуста түстүү ыңкылап жасоо аракети болгонун эске салды.
"Бирок мындай кийлигишүүдөн КМШнын бир да мамлекети сыртта калбай турганы көрүнүп турат. Бул АКШнын, НАТОнун, Евробиримдиктин Борбор Азия менен Түштүк Кавказдагы шылуун аракеттеринен улам байкалууда", — деген Лавров.
Путин: Батыш КМШда чатактын отун жандырчу сценарийди түзүүдө