Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Коңшу өлкөдө республиканын негизделген күнү белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары кытай тараптын демилгеси менен 1-3-октябрь күндөрү жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул күндөрү коңшу өлкөдө Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү белгиленет.
"Өткөрүү бекеттери автоунаалар үчүн 4-октябрдан тарта ишин жандантат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан азырынча товарлар гана өткөрүлөт.
Казакстан менен Россиянын чек арасына мобилизация пункту ачылат