Радио

Букуев: Кыргызстан — Россия жолдоштук оюну эки тарапка тең пайдалуу болду

Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев 2023-жылы Москвада өтчү Кыргызстан менен Россиянын футбол командаларынын беттешүүсү тууралуу дагы сүйлөшүүлөр болорун айтты.
Sputnik
Россия менен болгон футболдук беттеш Кыргызстан үчүн 2023-жылы өтө турчу Азия кубогуна даярданууга, курама команданын абалын аныктоого, жаңы чакырылган жаш оюнчулардын абалын билүүгө мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан — Россия жолдоштук оюну эки тарапка тең пайдалуу болду.
"Кыргызстан — Россиянын футбол боюнча курама командаларынын Бишкекте өткөн жолдоштук беттеши россиялыктардын пайдасына 1:2 эсебинде аяктаганы менен улуттук команда татыктуу оюн көрсөтө алды. РФтин курамасы — Европада өз орду бар күчтүү командалардын бири. Бул оюнда биз өзүбүздүн алыбызды, жаңы чакырылган жаш оюнчулардын абалын билдик. Мындан тышкары, кийинки жылы өтө турган Азия кубогуна даярданууда бир катар чечимдерди чыгарууга шарт түздү. Бул жолдоштук оюн эки тарапка тең пайдалуу болду деп эсептейбиз. Европа командаларынын өзүлөрүнө тиешелүү стили, тактикасы бар. Келечекте улуттук команданын ишин жөнгө салууда керектүү маалыматтарды ала алдык", — деди Букуев.
Ошондой эле адис быйыл футбол боюнча улуттук курама команда башка жолдоштук беттешке чыкпай турганын кошумчалады.