Казакстан Көчмөндөр оюндарынын кийинкисин өткөрүүгө арыз берди

Оюндар буга чейин үч ирет Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Казакстан кийинки Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз берди. Бул туурасында парламент мажилисинин спикери Ерлан Кошанов Түркиянын президенти Ражеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда билдиргенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Мажилистин төрагасы түрк коомчулугу казак тараптын сунушун колдооруна үмүт артты", — деп айтылат маалыматта.
Ерлан Кошанов президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкан.
Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014-жылы негизделип, үч ирет Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн. 2018-жылы эстафета Түркияга тапшырылган болчу. Оюндар кечээ, 29-сентябрда, Изник шаарында башталган, 2-октябрда жыйынтыкталат.
Түркияда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары ачылып, Жапаров катышты. Сүрөт