Эскертүү! 4-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Мэрия бул күнү "Северный" суу алгычы жана шаардагы суу түтүктөрү оңдоло турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 4-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин ордо калаанын айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы "Бишкек суу канал" башкармалыгына таянып кабарлады.
Суу убактылуу токтой турган райондор жана көчөлөр:
Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек жолу проспектиси, Жаш гвардия бульвары, Чоң Чүй каналынын айланасы, Саадаев көчөсү.
Ошондой эле Красный Строитель, Ак Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында дагы суу берүү токтотулат.
Мэрия бул күнү "Северный" суу алгычы жана шаардагы таза суу түтүктөрү оңдоло турганын белгиледи.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, мекеме-уюмдар жана элден ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчүрүлөт. Тизме