Эртеңден тарта ар дем алыш сайын Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтөт. Дареги

Жарманкеде азык-түлүктүн түрү арзан сатылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Эртеңден тарта Бишкекте айыл чарба жарманкелери өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жарманкелер дем алыш күндөрү Бишкектин үч районунда болот.

Биринчи май району

1-2-октябрда саат 8:00дөн 18:00гө чейин Раззаков — Киев, Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

Октябрь району

1-октябрдан 31-декабрга чейин дем алыш күндөрү саат 07:00дөн 19:00гө чейин Жетикашкаева көчөсүндө Айтиев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө болот.

Свердлов району

1-2-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.
Анда эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиш, жумуртка жана башка азык-түлүк арзан баада сатылмакчы. Жарманкени мэрия Айыл чарба министрлиги менен биргеликте уюштуруп жатат.
"Акун" ишканасы Подмосковьеге макарон чыгарган завод курууну пландоодо