БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Баткендин Капчыгай айылы толугу менен талкаланган, эми ал жак жаңы айыл болуп, тиешелүү план иштелип чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Жапаров учурда Баткен облусунда. Ал Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарын кыдырып, эл менен жолугушкан.
"Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Эми алардын ордуна жаңыларын салып, таза суу киргизилип, асфальт жол салынып, көчөлөр жарыктандырылат. Капчыгай жаңы айыл болот, ага тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Жапаров Ак-Сай айылындагы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыккан. Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Өкмөт башчы талкаланган канаттуулар фермасын көрүп, мамлекеттик финансы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жеңилдетилген кредиттерди бөлө турганын кошумчалаган.
Өкмөт башчынын куралдуу кагылыштан каза болгондорду эскерип, аларга багыштап куран окуганы айтылды. Учурда Тажикстандын кол салуусунан талкаланган объектилерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Аталган жумушка куткаруучулар, ыктыярчылар, атайын техника тартылган.