ИИМ: министр Бейшеналиев 37 миң 500 долларды өткөрүп берди

Тергөө иштери министрдин чет өлкөлүк студенттерден ири өлчөмдөгү пара алганын аныктаганы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып, тергөө органдарына өткөрүп берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, министр калган сумманы иштетип жибергенин, аны таап тергөө кызматына өткөрүп бере тургандыгын айткан.
“Чет өлкөлүк студенттерден өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек, токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул аракеттер 28-август күнү болгондугу аныкталды. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп аны тездетиш үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалды", — деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны эки айга камакка алуу чечими чыкты. Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Министр Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды