Министр Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды

Буга чейин министр ири өлчөмдө пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, видеосу да жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды. Бүгүн Биринчи май райондук сотто анын баш коргоо чарасы каралды.
Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, видеосу да жарыяланган. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.
Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Жакында баары ачыкка чыгат. Министр Бейшеналиевди сотко алып келе жаткан видео