БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарынын алкагында Бурса шаарындагы (Түркия) "Осман гази жана Орхан гази Турбеси" мемориалына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Жапаровго жана биринчи айым Айгүл Жапаровага күмбөздүн Ардактуу кароолунун курамын алмаштыруу аземи көрсөтүлүп, андан соң алар "Осман гази жана Орхан гази Турбеси" мемориалы менен таанышты.
Осман гази — Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү, 1258-1326-жылдары жашаган. 1326-жылы Бурсаны каратып алгандан кийин Орхан гази атасы Осман газинин керээзин аткарып, күмбөзгө койгон. Күмбөздүн ичинде бермет менен кооздолгон жыгач саркофаг бар. Күмбөздө Осман газинин жакындарына таандык он жети мүрзө бар.
Эске салсак, бүгүн Түркияда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары башталып, 2-октябрда жыйынтыкталат. Буга чейин Маданият министрлиги Кыргызстан ага толугу менен даяр экенин билдирген болчу.