Түркияда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары ачылып, Жапаров катышты. Сүрөт

Оюндун ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Түркиянын Изник шаарында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары расмий түрдө ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Оюндардын ачылыш салтанатында Жапаров менен бирге жубайы Айгүл Жапарова жана Кыргызстандан барган делегация болду.
1 / 3

Оюндун ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду

2 / 3

Бүгүн, 29-сентябрда, Изник шаарында башталган Көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат

3 / 3

Ага Кыргызстандан 148 спортчу, 30га жакын маданият ишмерлери катышат

Салтанатта Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган сүйлөдү.
Эске салсак, 2018-жылы бул оюнду ири масштабда өткөрүү эстафетасы Түркияга берилген.
"Изникте бир туугандарыбызды тосуп жатабыз. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк I оюндары 2014-жылы Кыргызстанда ата-бабаларыбыздын жеринде башталган. 2016, 2018-жылдары көчмөндөр оюндары Кыргызстанда уюштурулган. ...Бүгүн биз спортчуларыбыз менен эки жылда бир өткөргөн көчмөндөр оюндарында, Изниктебиз. Өтө турган оюндарда ийгилик каалайм. Катышып жаткан досторубузга ыраазылык билдирем", — деди Эрдоган.
Оюндун ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду.
Бүгүн, 29-сентябрда, Изник шаарында башталган Көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан 148 спортчу, 30га жакын маданият ишмерлери катышат.
Көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш расмий мелдеш катары кирген. Тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюн катары өтөт. Мындан сырткары, кыргызстандыктар башка элдин улуттук спорттук оюндарына катыша алат.
Буга чейин оюндар үч ирет Кыргызстанда өткөн.
Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын тумары бөлтүрүк болду. Видео