Каякты карап отурасыз?! Төрага Мамытов президенттин өкүлү Абытовду зекиди

Жыйында гемодиализ аппаратына муктаж Баткендин тургундарынын баары Бишкекке келип жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президент жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовду какты.
Жыйында депутат Камила Талиева Баткендин гемодиализ аппаратына муктаж тургундарынын баары Бишкекке келе турганын айтып, жерине гемодиализ аппараттарын орнотуу боюнча жети айдан бери маселе көтөрүп, чечилбей жатканына нааразы болду.
"Кечээ дагы Лейлектен учак менен өтө оор абалдагы үч адамды алып келип гемодиализге араң киргиздим. Айтса жаман көрөсүңөр, өкмөттүн чече турган түрү жок. Чабал иштеп жатасыңар десек таарынышат. Алмас Акунжанович, ошону мамлекеттик деңгээлде көтөргүлө", — деди Талиева.
Депутаттын сөзүн төрага дагы кубаттап, гемодиализде жаткан адамдардын эки жакка каттаганга мүмкүнчүлүгү жоктугун белгилеп Абытовго каарын төктү.
"Жеринде камсыздап бербейсиңерби. Канча жолу көтөрдүк. Сиз каякты карап отурасыз бул жерде?! Депутаттар канча жолу айтышты. Жооп бериңиз", — деди спикер.
Абытов мурда бул багыттан бюджеттен болгону 200 миллион сом бөлүнсө, азыр миллиарддан ашык караларын айтты.
"Бүт аракетти министрлер кабинети жасап жатат. Кеп бюджеттин тартыштыгында эмес, маселе кандай кыйын экенин өзүңүз билесиз. Өкмөт дагы, жаңы министр дагы бул боюнча тыгыз иштеп жатат. Жоопту беребиз", — деди Абытов.
Андан соң Мамытов маселени жеке көзөмөлүнө алып, жакынкы аралыкта депутаттарга маалымат беришин талап кылды.
Мугалимдердин духу түштү. Акаев Бейшеналиевдин кармалган видеосун шоу деп атады