БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. УКМК президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун кармалышы боюнча расмий маалымат берди.
Ага ылайык, "Сулайманов кармалды" деген социалдык тармактарда жана ЖМКларда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Буга чейин айрым ЖМКлар жана соцтармак колдонуучулары Алтынбек Сулайманов өткөн түнү кармалганын жазып, УКМКда сурак берип жатканын кошумчалашкан. Саясатчы интернет-колдонуучуларга өзүнүн баракчасы аркылуу кармалышы боюнча маалымат жалган экенин жазып, "суракка чакырган жок" деп жооп берген.
Буга чейин Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырганын билдирип, иштен кеткен себебин да түшүндүргөн.