Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ курамына жаңы аймактардын кошулушу боюнча келишимге 30-сентябрда кол коюлат

ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарында референдум 23-27-сентябрда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Владимир Путин катышкан, Россияга жаңы аймактардын кошулушу боюнча келишимге кол кое турган салтанаттуу иш-чара эртең, 30-сентябрда, Кремлде өтөт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирген.
"Эртең Кремлдин Чоң сарайында, Георгий залында саат 15:00дө Россиянын курамына жаңы аймактардын кириши боюнча келишимге кол коюу болот. Бул иш-чарада Путин кеңири сөз сүйлөйт", — деди Песков.
Ал президенттин сөзү Федералдык жыйынга жасалчу кайрылуусунан өзгөчөлөнөрүн кошумчалаган. Ал эми кеп болуп жаткан кайрылуунун качан болору кийинчерээк айтыла турган болду.
ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЛЭР башчысы: 8 жыл бою Киев режими тарабынан геноцидге кабылып келдик