Радио

Өмүрбекова: "Работа без границ" платформасында 500 миңдей вакансия бар

ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова "Работа без границ" платформаны колдонууда КР жарандары пассивдүү экенин айтты.
Sputnik
ЕАЭБ алкагындагы мамлекеттерге, анын ичинде Россия Федерациясына иштөө максатында келүүнү каалагандар үчүн "Работа без границ" платформасы иштейт. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоорду колдонууда кыргызстандыктар пассивдүүлүгүн көрсөтүүдө.
"Жыл башынан бери жаралган ар кандай маселелерге байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө эмгек миграциясына келгендердин саны азаят болуш керек деп күткөнбүз. Бирок статистикалык маалыматтарга таянсак, тескерисинче, беш пайызга көбөйүптүр. Алардын ичинде мурдагыдай эле кыргызстандыктар да арбын. Мисалы, чек араны кесип өткөндө "жумуш" деген графасын толтургандар 850 миңден ашкан. Алардын жанында үй-бүлө мүчөлөрү да болот эмеспи. Андыктан кыргызстандыктарды Евразия экономикалык биримдигинин "Работа без границ" (чек арасыз жумуш — ред.) деп аталган платформасын колдонууга чакырам. Бул жерде 500 миңдей жумуш орундары ачык турат. Андан сырткары, 2 миллиондой резюме жайгаштырылган. Тилекке каршы, азырынча биздин эмгек мигранттары аталган аянтчаны анчейин деле активдүү колдонушпайт. Мен Россия Федерациясына же ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө эмгек миграциясына жөнөп жаткан жарандарыбызга ушул платформаны эскертип кетким келет. Алгач бул жерде жарыяланган жумуштарды карап көрүшсө, ылайыктуусу болсо жумуш берүүчү менен байланышып алса болот. Бул бир топ юридикалык маселелерди жеңилдетет жана расмий түрдө ишке кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошону менен катар эле өзүнүн резюмесин да жайгаштырып коё алат", — деди Өмүрбекова.
Ал эмгек миграциясына чыгып жатканда бара турган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарына дыкат көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.