БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Афганистандагы террорчулар чек арадагы мамлекеттерге, анын ичинен КМШ өлкөлөрү боюнча өздөрүнүн кылмыштуу пландарын түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин айтты.
Бүгүн ал шериктеш мамлекеттердин коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен өткөн онлайн жолугушуу өткөргөн.
Россия президентинин айтымында, Афганистандагы кырдаал жакшы эмес: террордук уюмдар менен экстремисттик уюмдар активдүү кыймылда болуп жатат.
"Афганистандагы террорчулар чек арадагы мамлекеттерге, анын ичинен КМШ өлкөлөрү боюнча өздөрүнүн кылмыштуу пландарын түзүшү ыктымал. Маселен, пикирлештерди өздөрүнө азгырууга аракет кылып, жаңы ячейкаларды түптөп же согушкерлерге курал берип, "уктап жаткандарын" ойготушу мүмкүн", — деген Путин.
Ал мындай аракеттерди өз учурунда ооздуктап, анын ичинен КМШнын Террорчулукка каршы борборунун мүмкүнчүлүгүн колдонуу керектигин кошумчалаган.