Пржевальскийдин 180 жылдыгына карата Бишкекте көргөзмө өтүүдө

Иш-чара Каракол шаарында, саякатчынын музейинде уланып, ал жакка тарыхый сүрөттөр өткөрүлүп берилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте Кыргыз улуттук университетинде Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгына карата көргөзмө өтүүдө.
1 / 4

Бишкекте Кыргыз улуттук университетинде Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгына карата көргөзмө өтүүдө

2 / 4

Жогорку окуу жайлардагы профсоюз уюмдары боюнча Евразия ассоциациясынын президенти, Москва мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Игорь Котлобовский көргөзмө саякатчынын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналганын билдирди

3 / 4

"Көргөзмөгө коюлган экспонаттарды бул жакка Россиянын География коому менен макулдашып алып келдик. Эртең биз аны Караколдогу Пржевальский музейине өткөрөбүз. Белгилүү саякатчынын экспедициялары Кыргызстанда өткөн. Ошол себептен экспонаттарды анын мемориалдык музейине тапшырууну туура көрдүк", — деди Котлобовский.

4 / 4

Ал стенддердин бири Москва мамлекеттик университети тарабынан даярдалганын айтып, анда Пржевальскийдин өзү окуган университети менен байланышы чагылдырылганын кошумчалаган.

Жогорку окуу жайлардагы профсоюз уюмдары боюнча Евразия ассоциациясынын президенти, Москва мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Игорь Котлобовский көргөзмө саякатчынын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналганын билдирди.
"Көргөзмөгө коюлган экспонаттарды бул жакка Россиянын География коому менен макулдашып алып келдик. Эртең биз аны Караколдогу Пржевальский музейине өткөрөбүз. Белгилүү саякатчынын экспедициялары Кыргызстанда өткөн. Ошол себептен экспонаттарды анын мемориалдык музейине тапшырууну туура көрдүк", — деди Котлобовский.
Ал стенддердин бири Москва мамлекеттик университети тарабынан даярдалганын айтып, анда Пржевальскийдин өзү окуган университети менен байланышы чагылдырылганын кошумчалаган. Кыргыз улуттук университетинин ректору бул маанилүү иш-чара экенин белгиледи.
Радио
Жумабеков: Россия Пржевальский музейине тарыхый сүрөттөрдү өткөрүп берет