Акылбек Жапаров: Баткен, Лейлектеги чек арачылар 76 миң сом маяна ала баштайт

Жапаров менен жолугушууда Баткендин тургундарынын бири чек арачылар 15 миң айлык алып иштеп жүргөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арачылар 1-октябрдан тартып эки эсе көп маяна ала башташат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен эли менен жолугушуу учурунда билдирген.
Маалым болгондой, Жапаров учурда Баткен облусунда. Ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп, элдин талаптарын угууда.
Анда жашоочулардын бири чек арачылар 15 миң айлык алып иштеп жүргөнүн айткан. Жапаров 1-октябрдан тарта чек арачылардын маянасы көбөйө турганын убадалады.
"16 миң сом айлык менен келишимдик негизде кызмат кылган сержанттын айлыгы эки эсе жогорулап, 38 миң сом болот. Бирок Лейлек менен Баткендеги чек арачыларга дагы эки коэффициент кошулуп, жалпы 76 миң сомдон маяна ала башташат", — деди Жапаров.
Эске салсак, 16-сентябрда тажик тараптын кол салуусунан Кыргызстанда 62 адам көз жумган. ӨКМ билдиргендей, анын 50дөйү аскер адамдары.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары