Кыргызстандын жаштары "Адабий диктант" акциясына кошулду. Сүрөт

Диктант орус адабиятынын классиктеринен тарта азыркы жазуучуларына чейин камтыган 20 суроодон турган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстан "Адабий диктант" деп аталган эл аралык агартуучулук боюнча акцияга кошулду. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Аталган иш-чараны өткөрө турган аянтчалар Бишкектеги мамлекеттик университетте, Кыргыз улуттук университетинде, "Приоритет" мектеби менен Ош, Бишкектеги "Русский дом" уюмдарында ачылган.
1 / 3

Кыргызстан "Адабий диктант" деп аталган эл аралык агартуучулук боюнча акцияга кошулду

2 / 3

Аталган иш-чараны өткөрө турган аянтчалар Бишкектеги мамлекеттик университетте, Кыргыз улуттук университетинде, "Приоритет" мектеби менен Ош, Бишкектеги "Русский дом" уюмдарында ачылган

3 / 3

"Адабий диктант" — орус тилин, орус адабиятын сүйүүчүлөр үчүн чыныгы майрам болгондугун Бишкектеги "Русский дом" уюмунун жетекчиси Альберт Зульхарнеев айтып берген

"Адабий диктант" — орус тилин, орус адабиятын сүйүүчүлөр үчүн чыныгы майрам болгондугун Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун жетекчиси Альберт Зульхарнеев айтып берген.

"Бүгүн дүйнө жүзү боюнча өтүп жаткан акцияга катыштык. Филологдор, тилчилер жана тарыхчылар чыныгы бактылуу адамдар болсо керек, себеби алар ар дайым окуп, өзүнүн билимин толуктап турат. Мындан ары силерге адабиятка болгон кызыгууңар артып, улам жаңы нерселерди билип, үйрөнүп турууну каалайм", — деген ал акцияга катышкан жаштарга.

"Адабий диктанттын" катышуучулары бул акция — адамдын өзү үчүн жаңы нерселерди ачканга, китеп окуган тажрыйбасын арттырганга жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгилешкен.
БМУнун орус филологиясы факультетинин деканы Рахат Ниязалиева бул иш-чара студенттер үчүн өтө пайдалуу деген.
"Балдар орус адабияты менен тилин канааттануу менен окушат, алар бүгүн өздөрүнүн билим деңгээлин текшеришти", — деп кошумчалаган ал.
Диктант орус адабиятынын классиктеринен тарта азыркы жазуучуларына чейин камтыган 20 суроодон турган. Катышуучулар Федор Достоевскийдин, Антон Чеховдун, Михаил Булгаковдун каармандарын, Валерий Брюсовдун, Евгений Евтушенконун ырларын эстеген.
Кыргызстанда дагы 14 мектеп "Чет жердеги орус мугалими" долбооруна кошулду