Үшүк жүрөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде үшүк жүрөрүн эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 1-октябрда күндүз Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жамгыр катуу жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги эскертти.
Абанын температурасы төмөндөп, 1-октябрда күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +11…+16 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +16…+21 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +9…+14 градус, бийик тоолуу райондордо - 1…+4 градусту көрсөтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал. Мындай аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.
2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы -1…-3 чейин муздап, үшүк жүрөрү айтылды.
Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт. Күнү, убактысы