2-октябрда Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 84-театралдык сезонун ачат. Ал күнү 11:00дө көрүүчүлөр куурчактардын майрамдык шоусуна, 11:30да "Здравствуйте!" спектаклине (орус тилинде) күбө боло алышат. Бул тууралуу Болот Куланбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында 106 кызматкер иштейт.
"Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын көркөм жетекчиси Нурлан Асанбеков жана драматург Бурул Калчабаева улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" чыгармасынын негизинде кыргыз тилиндеги куурчак спектаклин коюшкан. Ушул спектакль менен 17-25-сентябрь күндөрү Казакстандын Актөбө шаарындагы "Ассалаумагалейкум-VI" куурчак театрларынын эл аралык фестивалына катышып келдик. 84-театралдык сезонду дал ушул чыгарма менен ачалы деп болжодук эле. Декорация, костюм, куурчактар Казакстандан алып келине электигине байланыштуу жаңы сезонду "Здравствуйте!" спектакли менен баштайбыз. Ал эми кийинки жума Алтынай Темированын пьесасынын негизинде кыргызча "Токой сакчылары" спектаклинин премьерасы болот. Андан тышкары, "Алиса в стране чудес" спектакли да коюлат. Жыл аягына чейин театрдын репертуарындагы 40тан ашык спектакль эки тилде коюла берет. Ал эми жаңы жылдын алдында орус жана кыргыз тилинде театрда балаты оюндары өткөрүлөт", — деди Куланбаев.
Ал декорация, куурчактарды театрдын художник, декораторлору өздөрү жасай турганын кошумчалады.