Радио

Орозбаев: "Кыргыз көмүр" ишканасы Сүлүктүдөн көмүр казууну пландоодо

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Марат Орозбаев түштүк аймагын көмүр менен камсыз кылуу аракеттери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Сүлүктү көмүр кенин иштетүүгө лицензия алынып, тоо-кен иштерин жүргүзүү үчүн долбоор даярдалууда. Бул тууралуу Марат Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө жетекчилиги тарабынан түштүк регионунда көмүр кендерин ачуу иштерин жүргүзүү тапшырмасы коюлган.
"Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда көмүрдүн баасы салыштырмалуу кымбат. Мындан улам мамлекеттик жетекчилик тарабынан түштүктө көмүр кендерин ачуу иштерин жүргүзүү тапшырмасы коюлган. Анын алкагында Сүлүктү көмүр кенин иштетүүгө лицензия алынды. Учурда ал жерде тоо-кен иштерин жүргүзүү үчүн долбоор даярдалууда. Бул жакта көмүр шахталык ыкма менен казып чыгарылат. Андыктан аталган долбоорду даярдоо кылдаттыкты талап кылат", — деди Орозбаев.
Ошондой эле ал кошумча кендерге лицензия алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.