Иммунитет карып бара жатканын кантип билсе болот? Алгачкы белгилер

Иммундук система бул же тигил куракта карыйт деп так кесе айтуу мүмкүн эмес. Ал организмдин иммунитетке канчалык күч келтиргенине жараша болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Организмдин башка бөлүктөрү сыяктуу эле иммундук система дагы карыйт. Анын алдан тая баштаганынын алгачкы белгилери тууралуу "Доктор Питер" басылмасына аллерголог-иммунолог Елена Парецкая айтып берди.
Адистин пикиринде, иммундик система бул же тигил куракта карыйт деп так кесе айтуу мүмкүн эмес. Ал организмдин иммунитетке канчалык күч келтиргенине жараша болот.

"Мисалы, адам өзүн карабай, өнөкөт ооруларды көбөйтүп, туура тамактанбай жүрө берсе 30 жаштан тарта деле иммунитет алсырай баштайт. Ошол эле учурда сергек жашаган кишилер 60 жашында дагы куландан соо жүрө бериши мүмкүн", — деди дарыгер.

Ошондой эле адис иммунитеттин карый баштаганынын белгилерин санап берди:
сезондук вирустук оорулардын татаал өтүшү;
бат чарчоо;
эс тутумдун начарлашы;
теринин кургашы;
ашыкча салмак;
аллергиянын пайда болушу;
чачтын түшүшү.
Дарыгер бул белгилерди өзүнөн байкаган адамдарды ден соолугуна олуттуу мамиле кылууга чакырат.
Адам какаганда көрсөтүлчү алгачкы жардам тизмектелди