Манас айтуучулук өнөрү Гиннесстин рекорддор китебине катталды

Манас айтуучулук Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты китептин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. КР эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук боюнча Гиннесстин рекорддор китебине катталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 2

КР эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук боюнча Гиннесстин рекорддор китебине катталды

2 / 2

Билдирмеге караганда, Исаков Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан "Манас жумалыгынын" алкагында 124 саат манас айткан.

Билдирмеге караганда, Исаков Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан "Манас жумалыгынын" алкагында 124 саат манас айткан.

"Манас айтуучулук Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты китептин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, манасчы Рысбай Исаковго Гиннесстин күбөлүгү тапшырылды", — деп жазылат маалыматта.

Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, "Түрксой" эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар, өнөр адамдары катышкан. Анда түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартууланды.
Министрлик "Манас жумалыгы" кыргыз улуттук "Манас" театры жана "Түрксой" эл аралык уюму тарабынан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулганын белгиледи. Иш-чаранын максаты — дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври катары "Манасты" даңазалоо, эпос аркылуу кыргыз маданиятын эл аралык масштабда таанытуу.
Алмамбеттин келишине арналган той. Улуу баяндан 8 факт