Эрдоган: Путиндин оюна бир нерсе келдиби, аны сөзсүз жасайт

Эрдоган жаңы эле өткөн жалпы элдик добуш берүү туурасында кеп кылып жатып, бул аймактардын Россияга кошуларына "тынчсыздангандыгын" мойнуна алган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бошотулган аймактардын тагдырын чечкен референдум боюнча айтып жатканда Россия лидери Владимир Путинге "бир нерсени жасаш оюна келдиби, аны баары бир кылат" деп мүнөздөмө берди.
Эрдоган жаңы эле өткөн жалпы элдик добуш берүү туурасында кеп кылып жатып, бул аймактардын Россияга кошуларына "тынчсыздангандыгын" мойнуна алган.
"Бул нерсе болушу мүмкүн, эгерде Путин мырза бир нерсени кылам деп чечсе, сөзсүз анын аягына чыгат. Андайы бар", —  деп айтканын Anadolu агенттиги жазды.
"Андыктан биздин боло турган жолугушуубузга олуттуу маани берем. Бул маселени ошол жеткен, азыркы турган чекитинде калтырып, андан ары дипломатияга өтөрүбүзгө ишенем", — деп кошумчалаган Түркия лидери.
Буга чейин Эрдоган Путин менен телефондон сүйлөшөм деген ниетте тургандыгын айткан. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков да шаршемби күнү Россия лидери Түркия башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшөрүн билдирген.
ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Балицкий Путинге кайрылып Запорожьени РФтин курамына алууну суранды