БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Түркияда өтө турчу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын маданий ишмерлери жана спортчулары толугу менен даяр. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, Көчмөндөр оюндары бүгүн, 29-сентябрда, башталып, 2-октябрга чейин уланат.
"Иш-чаранын расмий ачылышы Түркиянын Изник шаарында өтүп, Кыргызстан убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталары пландалууда", — деп жазылат маалыматта.
Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу, 30га жакын маданият ишмерлери катышары айтылды.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш расмий мелдеш катары кирген. Ошондой эле көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу боюнча мелдештер өтүп, аларга кыргыз спортчулары да катышат", — деп жазылат билдирмеде.
Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюн катары өтөрү кошумчаланды.