БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышын шоу деп атады.
Ал бүгүн парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлүнө кайрылды.
"Ким пара талап кылып кармалган болсо сөзсүз жазасын алышы керек. Бирок видеого музыка коштоп бизнесмен, министрлерди кармаган шоуну качан токтотосуңар? Мамлекеттик саясат, идеология болушу керек да. Пара алган учурда дагы шоу кылып видеого тартып, музыка коштобой эле "ката кетирдиң, кет" десе кетет эле го. Министрдин колун кайрып кармап кеткенин көрүп бүгүн эртең менен жүз миңдеген мугалимдин духу түштү, колун түшүрүп шалдайып отуруп калды. Алар азыр кантип мектепке барып балдарга акыл үйрөтөт. Мына ушундай саясатты колдонуш керек да. Анча-мынча нерсени жашырыш абзел", — деди Акаев.
Ошондой эле депутат министрге жок жерден жалаа жабылып жатат деп, аны менен мугалимдерге сокку урулганын белгиледи.
"Болду эми жетишет. Кыргызстанда камалбаган министр, акчалуу киши калбайт окшойт. Ушинте берсеңер мамлекеттик кызматка эч ким барбайт, депутаттардан дагы "барасыңбы?" деп сурагыла, эч ким барбайт. Бир-эки ай иштетип анан камасаңар. Жалаң сабатсыз, "эч нерседен коркпойм, түрмөдө деле отура берем" дегендер иштей берсин. Бул трагедия, чоң катастрофа", — деди Акаев.
Дагы бир эл өкүлү Эмил Токтошев прокуратура иштин так, дыкат тергелишин көзөмөлүнө алып, калыстык болушун талап кылды.
Мындан улам төрага Талант Мамытов министрдин кармалышынын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алуу боюнча тийиштүү органдарга протоколдук тапшырма берди.
Белгилей кетсек, ИИМ кечээ, 28-сентябрда, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди 110 миң доллар пара алды деп кармаган.