2-октябрда Бишкектин чок ортосунда суу өчөт. Тизме

Мэрия шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдар жана калктан таза сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 2-октябрда борбор калаанын чок ортосундагы көчөлөрдө суу өчөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, таза суу берүү саат 9:00дөн 22:00гө чейин токтотулат.
"Бул күнү "Түндүк электр" ААКтын Чүй электр тармактары ишканасы "Центральная-1" көмөк чордонунда пландык иштерди жүргүзүп, кышка даярдык көрүлөт", — деп жазылат билдирмеде.
Суу өчүрүлө турчу көчөлөр:
Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү.
"Турак үйлөрдө, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объектилери жана башка социалдык, өнөр жай багытындагы мекемелерде суу болбойт", — деп жазылган маалыматта.
Мэрия шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдар жана калктан таза сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Министрлик: Россия кура турган мектептер жаңы стандарттарды көрсөтүп берет