Тазабек Икрамов Баткен облусунун аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

Эл өкүлү демилгени коомдук талкууга чыгарууну пландап жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Баткен облусунун аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады.
Эл өкүлү облустун аталышын алмаштыруу тууралуу демилгени коомдук талкууга чыгарууну пландап жатат.
"Менин сунушумду баткендиктер колдой турган болсо Манас облусу деп өзгөртсөк. Кыргыздардын башын бириктирген баатыр атабыздын ысымын жакшы тилек, ниет менен сунуштап жатам", — деди Икрамов.
Ошондой эле ал бул маселени карап чыгууну министрлер кабинетине дагы тапшырды.
Мугалимдердин духу түштү. Акаев Бейшеналиевдин кармалган видеосун шоу деп атады