Баткенден Бишкекке эвакуация болгондордун бардыгы үйлөрүнө кайтты. Видео

Жалпы үч күн аралыгында 75 кичи автобус менен 1645 жаран үйүнө жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Баткен облусунан Бишкекке эвакуация болгондордун бардыгы үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Борбордон жалпы 39 кичи автобус менен 827 киши министрликтин он аскер кызматкеринин коштоосу менен Баткенге жол тарткан.
Борбор калаадагы Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 27-29-сентябрга чейин Баткенден эвакуацияланган жарандарды чогултуп, алар үчүн мэриянын Транспорт департаменти тарабынан кичи автобустар даярдалган.
Жалпы үч күн аралыгында Бишкектен 75 кичи автобус менен 1645 жаран Баткендеги туруктуу үйлөрүнө кайтышты.
Акылбек Жапаров: Баткен, Лейлектеги чек арачылар 76 миң сом маяна ала баштайт