23-27-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын кубогу өтүп, дүйнө чемпиону Андрей Курнявкага арналат. Мелдеште 2008-2009-жылы туулган спортчулар күч сынашат. Бул тууралуу Мукаш Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки өлкө кубогу 1977-жылы СССРдин чемпионатын уткан алгачкы кыргызстандык боксчу Михаил Гришковецтин урматына өткөн.
"Бишкекте 23-27-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын кубогу өтүп, дүйнө чемпиону Андрей Курнявканын урматына өтөт. Мелдеште 2008-2009-жылы туулган спортчулар күч сынашат. Курнявка кыргызстандык алгачкы дүйнө чемпиону. Учурда Москванын Бокс федерациясынын вице-президенти. Тилекке каршы, бизде Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан өспүрүмдөр арасындагы мелдештерди өткөрүүгө каражат бөлүнбөйт. Күчтүү спортчуларды даярдап чыгуу үчүн жаштарга көңүл буруу кажет. Андыктан ар бирибиз колубуздан келген көмөктү көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Бул турнирге конок катары бокс боюнча дүйнө чемпиону Андрей Гоголев, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн жана Европанын чемпиону Александр Лебзяк келет", — деди Ырсалиев.
Ошондой эле адис өспүрүмдөр арасындагы Кыргызстандын кубогунун алкагында өспүрүмдөргө мастер-класс уюштуруларын кошумчалады.