ИИМ Алмазбек Бейшеналиевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады

ИИМдин маалымат кызматы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди колго түшүргөн учурдун видеосун чыгарды.
Sputnik
Буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылган. Ошондой эле ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.
Бейшеналиев 2020-2021-жылдары ушул эле министрликти жетектеп, кийин Швейцариядагы элчи жана Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп кеткен.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал кайрадан министр кызматына дайындалган. Бейшеналиев реформаларды жүргүзүү, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан.
Ошондой эле анын тушунда мектеп директорлору сынак аркылуу тандалып алына баштаган.