Сузакта милиционер 16 жаштагы кызга үйлөнүп алган. Ага жана имамга иш козголду

Кыздын апасы да жоопко тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда 16 жаштагы кызга үйлөнүп алган милиция кызматкерине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мындан тышкары, кыздын апасы менен нике кыйган имам да жоопко тартылган.
"Жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө 28 жаштагы Э. К. Сузак РИИБдин кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну 16 жаштагы кызга баш кошкон. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы кыйган. Буга байланыштуу кыздын апасы, милиция кызматкери жана имамга иш козголуп, милиционер кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта
Учурда аталган иш Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.
Түркияда кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган шектүү Кыргызстандан кармалды