"Тазалык" ишканасы жүк ташуучу автоунаанын айдоочуларын ишке алууда

Кененирээк маалымат алуу үчүн 0312 34 48 25 номерине чалса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасына жумушчулар керектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган ишкана учурда жүктөгүч жана жүк ташуучу автоунаанын айдоочуларын ишке кабыл алууда.
"Ишканага 20 жаштан 50 жашка чейин эркек адамдар керек. Айлык акысы 20 миң сомдон жогору. Жумуш сааттары сүйлөшүү учурунда белгиленет", — деп айтылат маалыматта.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 0312 34 48 25 номерине чалса болот.
ЕАЭБ ичинде суроо-талап күч адистиктердин тизмеси жыл сайын жарыяланат