Таласта мал базарга кеткен кишинин сөөгү суудан табылды

Көз жумган адам үч күндөн бери изделип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен.— Sputnik. Таластын Чоң-Талас каналынан 60 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 24-сентябрь күнү Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын 60 жаштагы тургуну мал базарга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
"Эки күндөн кийин 112 кызматына анын Audi 80 үлгүсүндөгү автоунаасы Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Машинаны суудан чыгарганда ичинде эч ким болгон эмес, айнектери ачык калган", — деп айтылат билдирмеде.
27-сентябрда аны издөөгө ӨКМдин 24 куткаруучусу жана туугандарынан 30дай адам чыгып, тургундун сөөгү суудан табылганы маалым болду.
Ысык-Көлдө жол кырсыктан 5 адам каза болуп, төртөө ооруканада жатат