БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Болот Темировду баңгизатты мыйзамсыз сактаган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айыптоолор боюнча актады.
Темиров анын ишмердүүлүгүндө кылмыштын белгилери жок болгону үчүн акталган. Аны менен катар эле Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренесинин ("Документтерди жасалмалоо") негизинде кылмыш жасаган деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жазага тартылган эмес.
Болот Темировдун баш коргоо чарасы өкүм чыкканга чейин мурдагы күчүндө калган, тагыраагы, аймактан чыгып кеткенге тыюу салынган.
Тараптар бул өкүмдү 30 күндүн аралыгында жогорку инстанцияга арызданса болот.
Өкүмдү угузуу учурунда судья Акылбек Адимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан Темиров боюнча бир иш жасалма уюштурулганын айтты.
2022-жылдын 22-январында Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировду милиция кызматкерлери кеңсесине келип кармаган. Бишкек ШИИБ ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") жана 287-беренелерине ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын") ылайык кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.
Болот Темиров коомчулукка иликтөөчү журналист катары таанымал. Ал жакында эле Temirov LIVE YouTube каналы аркылуу "Эки күндө 37 миллион сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, Темировдун сайтындагы иликтөөлөрдө жазылгандардын баары калп экенин айткан.