БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Статистика боюнча улуттук комитет беш көрсөткүч боюнча экономиканын реалдуу секторундагы алдыңкы ишканалардын рейтингин жарыялады.
Анда 21 миңден ашуун компания көрсөтүлгөн.
Рейтингди аныктоо үчүн кызматкерлердин саны, товарлардан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше, операциялык ишмердиктен түшкөн пайда, чыгым, ошондой эле сальдолоштурулган финансылык жыйынтык эске алынды.
Төмөндө алдыңкы ондукка кирген 11 ишкананы сунуштайбыз (эки ишкана бирдей 6-орунга илинген):
1.
"Кумтөр Голд Компани" (пайдалуу кен иштетүү);2.
"Алтын кен" (пайдалуу кен иштетүү);3.
"Манас" эл аралык аэропорту (транспорт жана жүк сактоо кызматтары);4.
KAZ Minerals Bozymchak (пайдалуу кендерди казуу);5.
"НУР Телеком" (байланыш);6.
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы (транспорт жана жүк сактоо кызматтары);7.
"Кыргыз алтын" (алтын иштетүү өндүрүшү);8.
"Альянс алтын" (алтын иштетүү өндүрүшү);9.
"Кыргыз нефтегаз" (пайдалуу кендерди иштетүү);10.
"Альфа Телеком" (байланыш);11.
"Интергласс" (айнек өндүрүшү).