Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ кесепетин аңдабай жатат. Элчи Антонов "кооптуу чек" тууралуу

Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарында Россиянын курамына кирүү боюнча референдум 23-сентябрда башталып беш күнгө созулду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШ ЛЭР, ДЭР, Запорожье жана Херсонго батыш куралы менен сокку уруу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, "өтө эле кооптуу чекке" келип калды. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик катчы Энтони Блинкен АКШ Украинага берилип жаткан курал-жаракты Россия референдумдун жыйынтыгы менен өз карамагында деп тааныган аймакта колдонуусуна жолтоо болбой турганын жар салган.
"Неонацисттик кылмышкерлердин колдоочулары буга чейин миң ирет эскертилген кооптуу чекке жакын келишти. АКШ украин жаңжалынын тарабы болууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Элчинин айтымында, Вашингтон Киевге батыштан курал жөнөтүүнү улантып, анын кесепетин аңдабай жатат. "Жамааттык батыш Зеленскийдин режимин Россияга каршы жалданма күч катары колдонуп жатканда кризисти жөнгө салуучу дипломатиялык аракеттер суу кечпейт. Ата Журтту коргоого багытталган биздин кадамдарыбыз катаал жана чечкиндүү бойдон калат", — деди дипломат.
Донбасс менен Херсон жана Запорожье облустарында Россиянын курамына кирүү боюнча референдум 23-сентябрда башталып беш күнгө созулду. Натыйжада аталган региондун тургундарынын басымдуу бөлүгү Россияга кошулуу ниетин билдиришкен.
Аналитик: АКШ финансылык бомба даярдап жатат