Небензя БУУда Донбасс менен эки облустагы референдум ачык-айкын өткөнүн айтты

Добуш берүүгө 40 мамлекеттен келген 100дөн ашуун көз карандысыз байкоочу көз салган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарындагы референдум ачык-айкын өттү. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
"Ооба, Батыштагы мурунку өнөктөштөрүбүз сөзүбүздү укпай турганын билем, укпагандай түр көрсөтүшөт. Бирок референдум бардык шайлоо нормаларынын сакталышы менен болуп көрбөгөндөй ачык-акын өткөнүн айтышым керек", — деди Небензя.
Дипломат бул "Киев режими менен анын колдоочулары каршы болсо да айныгыс факт" экенин белгиледи.
"Референдумдардын жүрүшүнө 40 мамлекеттен келген 100дөн ашуун көз карандысыз байкоочу көз салды. Кандай болгонун ЖМК, соцтармактарга айтып-деп жатышат, эл ушунчалык чын көңүлү менен келип добуш берип жатканына таң калышканын да белгилешүүдө", — деди өкүл.
Ал мындай комментарийлер батыш ЖМКларына жарыяланары күмөн экенин кошумчалады.
Кечээ референдумдардын жыйынтыгы чыкты. Донбасс менен Херсон жана Запорожье облустарында Россиянын курамына кирүү боюнча референдум 23-сентябрда башталып беш күнгө созулду. Натыйжада аталган региондун тургундарынын басымдуу бөлүгү Россияга кошулуу ниетин билдиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ кесепетин аңдабай жатат. Элчи Антонов "кооптуу чек" тууралуу