БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы белгилүү D Billions командасы балдар үчүн кыргыз тилинде контент даярдай баштады.
Белгилей кетсек, аталган топ буга чейин англис, испан, орус жана башка чет тилдерде балдарга арнап түрдүү видеороликтерди жарыялаган. Аларды миллиондогон адамдар көрүп, роликтер чет мамлекеттерде популярдуу болгон.
Былтыр команданын YouTube каналына 10 миллион колдонуучу катталып, бул үчүн алар "бриллиант баскычын" алышкан. Учурда аларга 21, 4 миллион адам катталуу. Команданын мүчөлөрүнүн айтымында, балдары эне тилин билбей калды деген ата-энелер эми мындагы ырлар аркылуу аларга кыргыз тилин үйрөтсө болот. Өзгөчө чет жерде жүргөн мекендештерге жакшы мүмкүнчүлүк.
"D Billions кыргызча" каналына азырынча 380 адам катталып, алты видео жарыяланган.